У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан үч адам каза болуп, экөө ооруканага жаткырылды


 Ысык-Көл облусунда бүгүн саат 4.30да жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен үч адам каза болуп, экөө жаракат алышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
«Жети-Өгүз районунун Дархан айылында Балыкчы - Кызыл-Суу - Каракол унаа жолунун 178-чакырымында BMW 525 жана AUDI C4 унаалары кагышкан. Окуя болгон жерге Каракол шаардык Өрт куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. Кырсыктын кесепетинен үч адам каза болуп, экөө ооруканага жеткирилген», - деп айтылат билдирүүдө.
 
 Белгиленгендей, милиция окуя боюнча тергөө ишин баштаган. Тиешелүү экспертиза дайындалды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter