У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нарындагы жол кырсыктан 3 адам каза болду


 Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, үч адам каза болуп, беш киши ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 
Мекеменин маалыматына ылайык, кырсык кечээ, 22-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында Нарын районунун Эмгекчил айылында болгон. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 280-чакырымында «Тойота Авенсис» жана «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
 
Кырсыктын кесепетинен 58 жана 38 жаштагы эки аял, 44 жаштагы эркек киши каза болгон. Мындан сырткары 5 адам жаракат алган. Жаракат алгандардын бири 3 жашта болсо, бири 1 жаштагы наристе экени айтылды. 
 
Окуя болгон жерге Нарын райондук өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана 1 өрт өчүрүүчү унаа, “Тез жардам” кызматынан 1 бригада тартылган.
Каза болгон адамдардын сөөгү унаадан чыгарылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлгөн. Жаракат алгандар Нарын облустук ооруканасына жеткирилген.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter