Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза болду
- 12.03.2021, 10:52,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыктан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, 11-мартта саат 15: 40та Бишкек-Ош унаа жолунун 250-чакырымында (Пельменный участкасы) Toyota Windom Toyota Previa менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен 1948 жана 1988-жылы туулган эки эркек адам ошол жерде каза болуп, беш адам ар кандай деңгээлде жаракат алышып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.