У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жакынкы аралыкта коронавируска каршы Кытайдан, Россиядан вакцина келет


Жакынкы аралыкта коронавируска каршы Кытайдан вакцина келет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылуу боюнча кеңешме өткөрдү.

Анда Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвень, БУУнун балдар фондусунун өкүлү Кристин Жолм менен Синофарм вакциналарын жеткирүүнү тездетүүгө көмөктөшүү боюнча бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

"Тараптар бул маселе боюнча жардам берүүгө даяр экендигин ырасташты. Жакынкы аралыкта 150 миң доза вакцина өлкөгө жеткирилиши күтүлүүдө. Министрлер кабинети жана ЮНИСЕФ вакциналарды жеткирүү боюнча техникалык жана каржылык маселелердин үстүнөн иштеп жатышат. Ошол эле учурда адистештирилген мамлекеттик органдар орусиялык Спутник V вакцинасын жеткирүү боюнча иш алып барышууда. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Жакынкы күндөрү вакцинаны жеткирүү башталат", - деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында, мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.
Бүгүнкү күндө негизги пландаштырылган приоритеттүү топтун эмдөөлөрүнүн биринчи этабы аяктады: тобокелдик тобундагы медицина кызматкерлери (жандандыруу бөлүмдөрү, жугуштуу оорулар бөлүмдөрү, "Тез жардам" кызматы, кызыл зона), социалдык кызматкерлер (билим берүү мекемелеринин кызматкерлери), 65 жаштан жогорку жарандар жана өнөкөт оорулары бар адамдар.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter