У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улуттук китепкананын мурдагы директору Жылдыз Бакашова эми коронавирус боюнча республикалык штабды жетектейт


Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча өкмөт башчы Улукбек Марипов кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын төрагасынын милдети Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашовага жүктөлөт.

"Биз коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны жогорулап жаткандыгын байкоодобуз. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жагымсыз абал орун алууда. Тилекке каршы, күн сайын жарандарыбызды жоготуудабыз. Коронавирус инфекциясынын пандемиясы коомдун ар бир мүчөсүнөн аң-сезимдүүлүктү жана жөнөкөй санитардык эрежелерди сактоонун маанисин түшүнүү менен кабыл алууну талап кылууда. Учурда республика боюнча калкты эмдөө жүрүүдө. Бул маанилүү багытты күчтөндүрүү зарыл. Өлкөдө эмдөөнү тездетүү керек", - деп билдирген өкмөт башчы.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter