Ош облусунун Араван районунда 63 жаштагы жаран жашы жете элек кызды зордуктады деп шектелүүдө. Зордукталган кыз жакында көз жарган. Бул тууралуу «Turmush2 жазып чыкты.
Басылмасынын маалыматына ылайык, кылмыш 2020-жылдын август айында райондун калктуу конуштарынын биринде жасалган. 16 жаштагы кыз пахта суугарып жаткан учурда 63 жаштагы айылдагы тарабынан зодукталган.
Шектүү кылмыш жасагандан кийин болгон кызды коркутуп, болгон окуяны бирөөгө айта турган болсо абийирин төгө турганын айткан. Кыз коркуп окуя тууралуу туугандарына айткан эмес. Бир нече айдан кийин, 2020-жылы ноябрда, ал апасы менен ооруканага кайрылган, ал жерде кыздын кош бойлуу экендиги аныкталган.
2021-жылы 15-майда кыз уул төрөгөн. Баланын салмагы 2 кг 800 граммды түзгөн. Баланын жана эненин абалы канааттандырарлык деп бааланып, бир нече күндөн кийин алар төрөт үйүнөн чыгышты.
Окуя тууралуу маалыматты айыл өкмөттүн башчысы Рафикжан Эргешов тастыктаган. Анын айтымында, шектүү убактылуу кармоочу жайда. Азыр иштин материалдары сотто каралып жатат.