У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аксыда көз жарган окуучу кызды зордуктоого шектелип 16 жаштагы тууганы кармалды


 Аксы районунда көз жарган 7-класстын окуучусун зордуктоого шектелип 16 жаштагы айылдын тургуну кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 
 
Маалыматка ылайык, кызды зордуктоого шектелген Аксы районунун 2004-жылы туулган А.К. аттуу тургуну 5-апрелде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал төрөгөн кыздын тууганы болору айтылууда. 
 
Эске салсак, 1-апрелде саат 07:00 чамасында милицияга Аксы райондук аймактык ооруканасынан 2007-жылы туулган 7-класстын окуучусу көз жарды деген маалымат милицияга келип түшкөн. 
 
Бул окуя Аксы РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү (Зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter