Коронавирус илдети менен ооруп жаткан 81 адамдын абалы өтө оор
- 11.06.2021, 12:19,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 4 миң 244 адам коронавируска каршы дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Амбулатордук (үйдө) 2 миң 323, ооруканаларда 1 миң 921 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 81 адам өтө оор, 568 адам оор абалда. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 1 миң 246 адам (же 64,8 пайыз) - орто оор деп бааланып, 26 адам канааттандырарлык абалда.