Коронавирус менен ооруп жаткан 359 адам оор абалда
- 21.04.2021, 12:39,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 2 миң 699 адам коронавируска каршы дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Амбулатордук (үйдө) 1 миң 390 бейтап, ооруканаларда - 1 миң 309 дарыланууда. Анын ичинде 52 адам - өтө оор абалда, 307 - оор. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 911 адам (же 68,2 пайыз) - орто оор деп бааланып, 29 адам канааттандырарлык абалда.