Кыргызстанда коронвирус менен ооруп жаткан 525 адамдын абалы оор
- 10.05.2021, 11:34,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 4179 адам коронавируска каршы дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Анын айтымында, амбулатордук (үйдө) 2 миң 496 бейтап, ооруканаларда - 1 миң 683 дарыланууда. Анын ичинде 91 адам – өтө оор, 434 – оор абалда. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 1 миң 149 адам (же 68,2 пайыз) - орто оор деп бааланууда, тогуз адамдын абалы канааттандырарлык.