Боом капчыгайындагы унаа жолу убак-убагы менен жабылат
- 10.06.2021, 11:29,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Боом капчыгайынын Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу көчкү коркунучун жараткан таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүү үчүн саат 9:00дөн 15:00гө чейин жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июнда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымындакөчкү коркунучунун жараткан таштарды түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, буга байланыштуу саат 9: 00дөн 15: 00гө чейин транспортко убактылуу чектөө киргизилет.