У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун бир тилкеси таш кулатуу иштерине байланыштуу жабылат


Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан маалымдашты.

Буга байланыштуу 31-майдан 4-июнга чейин күндүзгү маалда поезд жана автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилери айтылды.

"Саат 09:00дөн 15:00гө чейин ЖКККББ кызматкерлери жолдун айрым бөлүктөрүн жабат. Жол тазалоо учурунда транспорт жолдун бир тилкеси менен жүрөт", — деп айтылат маалыматта.

Таш кулатуу иштери Каямат-Куркол станциясынын аймагында (жолдун 131-чакырымында) жүрөт.
Ишкана айдоочуларды сапарга чыгууда маршрутту алдын ала пландап алууга чакырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter