У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ӨКМ: "Жакынкы күндөрү жаан-чачын нөшөрлөп жаап, түштүктө сел жүрүшү ыктымал!"


Жакынкы күндөрү жаан-чачын нөшөрлөп жаап, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Ага ылайык, 20-апрелден 24-апрелге чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
Кар көчкү түшүшү ыктымал деген аймактар:
  • Бишкек — Ош унаа жолунун 132-137-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу);
  • Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
  • Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 71-75-чакырымы (Чапчыма ашуусу);
  • Кара-Кысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу;
  • Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 74-76, 86-880-чакырымы;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 295-300-чакырымы (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);
  • Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там автоунаа жолунун 161-179-чакырымы (Талдык ашуусу);
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу).
Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл экени эскертилди.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Ошондой эле үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч келтирери айтылды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter