У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт


Өлкө аймактарында 25-марттан 26-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),198-260 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 72-91-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter