Кечээтен бери 5 адам каза болсо, 500гө чукул адам вирус жуктурду
- 10.06.2021, 10:11,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өткөн суткада коронавирус 494 кишиден табылып, 351 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Жуктургандар:- Бишкек шаары – 224;
- Ош шаары – 80;
- Чүй облусу – 73;
- Ош облусу – 47;
- Талас облусу – 5;
- Нарын облусу – 6;
- Ысык-Көл облусу – 22;
- Жалал-Абад облусу – 27;
- Баткен облусу – 10.
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 108 173кө жетти. Анын ичинен 101 364 адам дартты жеңген.
Айыккандар:- Бишкек шаары – 207;
- Ош шаары – 23;
- Чүй облусу – 61;
- Ош облусу – 13;
- Талас облусу – 2;
- Нарын облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 25;
- Жалал-Абад облусу – 11;
- Баткен облусу – 4.
Кечээтен бери коронавирустан
беш адам көз жумган. Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарынан, бирөө Чүй облусунан экени белгилүү болду. Буларды кошкондо вирустан 1 869 киши каза тапты.
Учурда ооруканаларда – 1 893, үйдө 2 137 бейтап дарыланып жатат. Стационардагылардын арасынан 536 кишинин абалы оор, 101 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда.