У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


7-июнга карата Кыргызстанда 5 адам коронавирустан каза болуп, 400гө чукул киши жуктуруп алды


Бүгүн, 7-июнга карата жалпы республика боюнча сутка ичинде 362 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, илдет аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды.
Бишкек шаары – 209
Ош шаары – 39
Чүй облусу – 30
Ош облусу – 30
Талас облусу – 3
Нарын облусу – 7
Ысык-Көл облусу – 16
Жалал-Абад облусу – 19
Баткен облусу – 9
Жалпы өлкө боюнча 107 миң 335 адам коронавирус илдетине кабылды.

Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 107 335ке жетти. Анын ичинен 100 722 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек – 187;
  • Ош – 18;
  • Чүй облусу – 50;
  • Ош облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 9.
Кечээтен бери коронавирустан беш адам көз жумган. Анын ичинен Бишкекте үч, Чүйдө эки өлүм учуру катталган.
Бир сутка ичинде 14 медиктен коронавирус аныкталган. Алардын арасынан экөө дартты кызыл зонадан жуктурганы айтылды.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter