Сак бололу! Сутка ичинле 5 адам вирустун курмандыгы болсо, 200гө чукул киши жуктуруп алды
- 31.05.2021, 11:08,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бир сутка ичинде Кыргызстанда 174 кишиден коронавирус аныкталып, 244 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:- Бишкек – 95;
- Ош – 26;
- Чүй облусу – 7;
- Талас облусу – 5;
- Нарын облусу – 4;
- Ысык-Көл облусу – 15;
- Жалал-Абад облусу – 17;
- Баткен облусу – 5.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 104 729га жетти.
Айыккандар:- Бишкек – 159;
- Ош шаары – 12;
- Чүй облусу – 25;
- Ош облусу – 6;
- Талас облусу – 6;
- Нарын облусу – 7;
- Ысык-Көл облусу – 12;
- Жалал-Абад облусу – 17.
Жалпысынан 98 544 адам дартты жеңди.
Тилекке каршы, өткөн суткада Кыргызстана беш адам коронавирустун курмандыгы болгон. Анын бирөө Ысык-Көл облусунан, төртөө Бишкектен көз жумган. Буларды кошкондо коронавирус жалпы 1 808 адамдын өмүрүн алды.
Азыркы тапта ооруканаларда 1 696 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 446сы оор абалда болсо, 94ү өтө оор абалда деп бааланды.