Сутка ичинде коронавирус 254 кишиден табылып, 5 бейтап көз жумду
- 10.05.2021, 10:59,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өткөн суткада коронавирус 254 бейтаптан аныкталып, 257си айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:- Бишкек – 195;
- Ош шаары - 3;
- Ош облусу -1;
- Чүй облусу – 25;
- Нарын облусу - 4;
- Ысык-Көл облусу – 17;
- Жалал-Абад облусу – 9.
Ушуну менен оору илештиргендердин жалпы саны 98 654кө жетти.
Айыккандар:- Бишкек – 187;
- Ош шаары - 7;
- Ош облусу -3;
- Чүй облусу – 42;
- Нарын облусу - 1;
- Ысык-Көл облусу – 7;
- Жалал-Абад облусу – 4;
- Талас облусу - 6.
Жалпысынан 91 816 бейтап ооруну жеңген.
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус
беш адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен үчөө Бишкекте, экөө Чүйдө көз жумган. Жалпы жонунан 1 660 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Кечээтен бери жети медиктен коронавирус табылган. Анын бирөө ооруну "кызыл зонадан" жуктуруп алганы айтылды.