Түптөгү жол кырсыгынан жабыркаган төртүнчү бала ооруканада көз жумду
- 13.04.2021, 11:59,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Түп районундагы жол кырсыгынан жабыркаган төртүнчү адам ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин кырсык болгон жерде 19-20 жаштардагы үч адамдын каза болгону, дагы үчөө ооруканага жеткирилгени айтылган.
Эске салсак, жол кырсыгы 12-апрель күнү, саат 23:14тө Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 204-чакырымында Михайловка айылына жакын жерде болгон. Анда Toyota Camry жана Audi C4 кагышкан.