У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жол кире 11 жана 15 сом болобу? Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду


     Бишкек шаардык кеңеши "Бишкек шаардык кеңешинин транспорт жаатындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду. Маалымат Бишкек шаардык кеӊешинин сайтында жайгаштырылган.
 
Негиздемеде белгиленгендей, долбоордун максаты Бишкек шаарынын коомдук транспортторунун тарифтерин жогорулатуу болуп саналат.
 
2021-жылдын январь айында Бишкек мэриясы жумушчу топ түзүп, борбордогу коомдук транспорттордун чыгымын эсептеп чыккан.
 
Троллейбустарда жана автобустарда жүрүү акысын 11 сомго, кичи автобустарда 15 сомго чейин көтөрүү сунушталууда.
 
Пенсия курагындагы жарандарга кичи автобустарда жүрүү тарифин 8 сомго чейин (саат 9.00дөн 17.00гө чейин, жанында милдетүү түрдө тастыктоочу документи болуш керек) көтөрүү сунушталат.  
 
2-июнда эртең менен кичи автобустардын айдоочуларынын 80 пайызы каттамга  чыккан жок. Айдоочулар жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter