У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жол кире көтөрүлбөсө кичи автобустардын айдоочулары иш таштайт


 
Кичи автобустардын айдоочулары 3-майда иш таштоо уюштурганы жатышат. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине кичи автобус айдоочулардын өкүлү билдирген.
 
Анын айтымында, №212, 260 жана 137 маршруттук каттамдардын ондогон айдоочулары 3-майда каттамга чыкпайт. Бул менен алар шаар бийлиги жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүнү убада кылгандыгын эскертишет.
 
Альянс автобус ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди 24.kg агенттигине билдиргендей, иш таштоо темасы айдоочулар арасында кызуу талкууланып жатат.
 
«Январь айында ошол кездеги Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айдоочуларды чогултуп, май айында алардын көйгөйлөрүн чечип берүүнү убада кылган. Мурда күйүүчү майдын баасы 36 сом болсо, азыр 45,5 сом болду. Бардык айдоочуларга митингге чыкпагыла жана күндөгү тартипте иштегиле деп эскертебиз. Шаардык кеӊештин тариф маселелерин чечишин күтүү керек. Бирок иш таштоону уюштуруп жаткан чагымчылар бар», - деди ал.
 
Эскерте кетсек, 18-январда эртең менен 500 кичи автобустун айдоочулары каттамга чыкпай иш таштаган. Алар жол кирени алгач 15 сомго, андан кийин 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Ошол кездеги шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бул маселе май айында чечилерин убадалаган эле. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter