У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнү коомдук талкууга койду


 Борбор калаанын мэриясы Бишкек шаардык кеңешинин транспорт жаатындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбооруна укуктук жөнгө салуу жана сунуштарды топтоо боюнча талкуу башталгандыгын жарыялайт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
 
Коомдук транспортто жүрүү үчүн учурдагы тарифтер Бишкек шаардык кеӊешинин токтомуна ылайык 2012-жылдын 1-майынан баштап белгиленди. Мэрия коомдук транспорттордогу жол киренин үч варианттын сунуштады:
 1-вариант: жол кирени мурдагы боюнча калтыруу;
 
2-вариант: муниципалдык коомдук транспорттор- 11 сом, кичи автобустар - 15 сом.
 
3-вариант: автобустар - 15 сом, троллейбустар - 11 сом, кичи автобустарда - 19 сом.
 
Мэрия эӊ ыӊгайлуу деп 2-вариантты эсептейт. Сунуштарыңызды жана сын-пикирлериңизди mail305@mail.ru дарегине жөнөтүңүз болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter