У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Маршрутка айдоочулар жол кирени 20 сомго көтөрүүнү талап кылышты


Бишкектеги маршруттук таксилердин жетекчилери жол кирени 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бул талап акырындык менен ишке аша турчу нерсе экенин айткан.

"Айдоочулар жол кирени  19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышты. Мэрдин милдетин аткаруучу маршруттук таксилердин жол киресин 15 сомго чейин, автобустар менен троллейбустардыкын убактысына карабастан 10 сомго көтөрүүнү сунуштады. Пенсионерлер жана балдар 8 сомдон төлөшөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Компаниялардын директорлору айдоочулардын иш таштоосун үчүнчү жактар уюштуруп, жамааттардын ичиндеги кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылышканын билдирген.

Түлөбаев Бишкек шаарынын мэриясынын алдында транспорттук саясат боюнча кеңеш түзүүнү тапшырды. Ал борбор калаанын транспорттук тутумун реформалоо үчүн жарандардын, айдоочулардын, муниципалдык кызматкерлердин жана жеке транспорттук компаниялардын жетекчилеринин жолугушуусу үчүн аянтча болуп бермекчи.

Мэр ошондой эле натыйжалуу иш алып баруу үчүн жеке фирмалардын жетекчилеринин атынан бир өкүлдү тандап, аны өзүнүн коомдук кеңешчиси кылууну суранган. Шаар мэри автоунаа парктарына материалдык зыян келтиргендер жана кичи автобустардын айнектерин сындыргандар мыйзам чегинде жооп берерин кошумчалаган.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter