Казакстанда коронавирус илдетинен экинчи бейтап көз жумду
- 31.03.2020, 16:07,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
«Тилекке каршы, 50 жаштагы дагы бир жаран вирус илдетинен каза тапты. Ал көптөн бери ооруп, бирок дарыгерлерге кайрылган эмес. Жумушуна байланыштуу иш сапарларга бат- баттан чыккан. Аны менен байланышта болгон 31 адам оорукана жаткырылды. Маркумдун үй-бүлөсүндөгү эки адамдан да вирус чыкты» -деп билдирди жергиликтүү массалык маалымат каражаттарга Шаардык коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Сауле Кисикова.
Каза болгон жаран Казакстандын борбору Нур-Султан шаарындагы ооруканада дарыланып жаткан. Ал 21- мартта «Тез жардам» менен ооруканага келип түшкөн.