"Мал айдап келем" деген бойдон дайынсыз. Чүйдө 31 жаштагы келин изделүүдө
- 26.02.2021, 11:35,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чүйдүн Кемин районунда 31 жаштагы аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Аял 22-февраль күнү Кеминдин Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинен жайытка кеткен. Ошол эле күнү ӨКМдин №5 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучу, ИИМден төрт кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылган. Азырынча жыйынтык жок. Бүгүн издөө иштери уланууда.