У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көл облусунда балык уулоого чыккан эки кишинин жансыз денеси табылды


(Иллюстрация)

Ысык-Көл облусунда балык уулоого чыккан эки киши каза болгонун ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-декабрь күнү саат 19:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын Арал тилкесинде 2 эркек адам көлгө балык уулоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине Тоң райондук №38 куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, айыл өкмөттөн 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам 2 кайык менен издеп чыгышкан.

Саат 21:50дө 1977-жылы туулган А.А. аттуу адамдын жана саат 22:15те 1970-жылы туулган А.К. аттуу адамдын жансыз денелери табылган.
Жансыз денелер ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter