У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн коронавирустан 6 адам каза болду. 200гө жакын киши жуктурду

24-майга карата жалпы республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдети 191 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары – 121;
Ош шаары – 11;
Чүй облусу – 28;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 6;
Нарын облусу – 8;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 0.
Жалпы катталгандардын саны – 102 702, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 57 312, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 45 390.

Айыккандар:
  • Бишкек — 224;
  • Ош шаары — 7;
  • Чүй — 64;
  • Ош — 5;
  • Талас — 2;
  • Нарын — 2;
  • Ысык-Көл — 4.
Коронавирустан жалпы 96 119 киши сакайды.
Тилекке каршы, өткөн суткада дарт алты бейтаптын өмүрүн алган. Анын ичинен төртөө Бишкек шаарынан көз жумса, бирөө Таластан, бирөө Чүй облусунда катталган. Азыркы тапта 1 571 бейтап стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 81 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter