Бүгүн, 28-апрелге карата өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония илдети дагы 322 жарандан аныкталды. Аймактар боюнча алып караганда: Бишкек шаары – 227; Ош шаары – 9; Чүй облусу – 59; Ош облусу – 6; Талас облусу – 1; Нарын облусу – 2; Ысык-Көл облусу – 15; Жалал-Абад облусу – 1; Баткен облусу – 2. Өлкө боюнча жабыркагандардын жалпы саны 94 миң 599 болсо, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы 50 миң 999, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы 43 миң 600. Акыркы суткада 243 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Бишкек шаары – 150; Ош шаары – 3; Чүй облусу – 64; Ош облусу – 3; Нарын облусу – 5; Ысык-Көл облусу – 11; Жалал-Абад облусу – 7. Муну менен айыккандардын жалпы саны 88 миң 658ди түздү. Бүгүнкүгө карата статистикалык маалымат Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлига тарабынан белгилүү болду.