Акыркы суткада дагы 5 адам каза болуп, 247 адам вирусту жуктуруп алды
- 27.04.2021, 11:39,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 27-апрелге карата өлкө боюнча дагы 247 жарандан COVID-19 жана пневмония илдети аныкталды. 5 адам вирустун курмандыгы болду. Статистикалык маалымат Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан белгилүү болду.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 146;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 79;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 1
;
Баткен облусу – 3.
Өлкөдө илдет катталган күндөн тартып жабыркагандардын жалпы саны 94 миң 277 болсо, лаборатордук тастыкталганы – 50 миң 763, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 43 миң 514.
Ал эми соңку сутка ичинде коронавирус илдетинен айыкты делинип 203 бейтап ооруканалардын чыгарылды.
Бишкек шаары – 119;
Ош шаары – 3;
Чүй облусу – 62;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 18.
Айыккандардын жалпы саны бүгүнкү күндө 88 миң 415ке жетти.