У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вакцина чырына байланыштуу Ленин райондук ооруканасынын башкы врачы кызматтан бошотулду

 
 Вакцина чырына байланыштуу Бишкек шаарынын Ленин райондук №1 бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Нурлан Галбаев кызматтан бошотулду. Галбаев коронавируска каршы вакцинанын миңге жакын дозасынын жарактан чыгышына жоопкер болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирди. 
 
 “Азыр вакцина абдан кымбат болуп турат. Башкы врачтын шалаакылыгы болбогондо биз 1000ге жакын кишини эмдеп, вирустун жайылышын бир аз да болсо ооздуктайт элек. Комиссия башкы врачты иштен кетирип, зыяндын ордун толтурсун деген чечим чыгарды. Бул ишти азыр прокуратура иликтеп жатат”, - деди Бейшеналиев.
 
Эскерте кетсек, мындан мурда №2 ҮМБда россиялык «Спутник V» вакцинасынын 994 дозасы муздаткыч өчүп калганынан улам жараксыз болуп калган. 
 
Бишкек мэриясынын алдын ала маалыматы боюнча келтирилген чыгым 840 миң сомду түзгөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter