Республикалык эмдөө борборунун директору: "Муздаткыч өчүп калып жарабай калган вакциналарга ким жооптуу экени азырынча белгисиз"
- 22.05.2021, 15:14,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Борбор калаадагы №2 поликлиникада муздаткыч өчүп калгандыгына байланыштуу жарабай калган "Спутник V" вакцинасынын 930 дозасынын тагдыры эмне болду? Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору
Гүлбара Ишенапысова төмөндөгүлөрдү билдирди:"
Учурда экинчи комиссия түзүлүп, иш алып барууда. Биз биринчи комиссияда иштедик, керектүү чечимдерибизди бердик. Азыр ким жооптуу экендигин айта албайм. Бул маселе жакында чечилет. Биз азыр вакцинаны кармап турабыз. Ал башка вакцина менен орду толтурулган соң утилизацияга кетиребиз", - деп билдирди Ишенапысова.