""Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгы" коркунучтуу вируска байланыштуу токтотулду...."
- 06.03.2020, 09:13,
- Маданият
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мындан бир ай мурда "Апаз жайнаковдун 60 жылдыгы" 6-мартта өзүнүн кичи мекенинде, А.Жайнаков атындагы Баткен областтык музыкалык-драма театрында белгиленээри маалым болгон. Тилекке каршы театрдын жамаатынын кызуу даярдыгына карабай, аталган иш-чара токтотулду. Буга себеп, коркунучтуу вируска байланыштуу өкмөт тарабынан чыккан массалык ич-чараларды өткөрбөй туруу токтому болду. Бул тууралуу театрдан билдирүү тарады.
"Урматтуу Баткен театрынын жана Апаз Жайнаковдун күйөрмандары, сиздерге күтүүсүз кабарды угузууга туура келди.
6 - мартта Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгына арналган театрыбызда өтүүчү эскерүү кечеси токтотулду. Ага себеп бүгүнкү күндө дүйнө боюнча коркунуч жаратып жаткан вируска байланыштуу өлкө боюнча маданий мекемелерде өтүүчү пландаштырылган иш-чаралар убактылуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Ошондуктан түшүнүү менен карайсыздар деген үмүттөбүз. Сиздерди терең урматтоо менен театрдын жалпы эмгек жамааты" дейт уюштуруучулар.