“Анын өмүр баяны тууралуу так маалымат жокко эсе...”Жусуп Баласагын 1016-жылы Караханиддер мамлекетинин борборунда
Баласагун шаарында туулган. Анын өмүр баяны тууралуу маалыматтар негизинен жокко эсе. Философия, математика, дары-дармек, астрономия, астрология, көркөм өнөр, адабият, тил илими жана башка илимий тармактарынын өнүгүүсүнө зор салымын кошкон. Жусуп Баласагын араб, фарс жана башка тилдерде окуган жана "Кутадгу билим" (Кут алчу билим, же Кутту билим) поэмасы аркылуу дүйнө элине таанылган. Ал аталган поэмасын болжол менен 1070-жылы жазып бүткөн. Окумуштуу Р. Араттын эсеби боюнча поэманы жазып бүткөн мезгилде Жусуп 54 жашта болгон. Ал поэманы Баласагын шаарында баштап, Кашкарда аяктап баш аягы 18 айда бүтүргөн. Кашкар шаарынын башкаруучусу Тавгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга чыгарманы бүтөөрү менен тартуу кылган. Ал поэманын терең мазмунун түшүнүп, Жусуп Баласагынга "чыныгы хажиб" - же "чыныгы адис" деген наам берип, "башкы кеӊешчи" кызматына дайындаган.
““Кут алчу билимдин” үч нускасы сакталуу...”Дастандын бизге жеткен үч нускасы бар. Биринчиси Герат шаарында, 1439-жылы байыркы уйгур жазуучусу менен такталган (азыр Клостернойбург ройал китепканасында сакталуу), экинчи Катында, 14-кылымдын 1-жарымында (Египет Keдиван китепканасында) көчүрүлгөн. Ал эми үчүнчү нуска 12-кылымда Наманган шаарында араб жазуучусу менен кагазга түшүрүлгѳн. Бул кол жазма Ташкентте Чыгыш таануу институтунда сакталып турат. Бул чыгарма – дүйнөлүк руханий мурастын, түрк адабиятынын, маданиятынын жана илиминин залкар эстелиги. Кыргыздар жана башка түрк эли "Кутадгу билиг" эмгегин өздөрүнүн жазма адабиятынын алгачкы түрк-мусулмандык шедеври деп эсептейт.
“Жусуп Баласагын айткан сөзү менен аткарган иши дал келгендерди сүйгөн...”"Куттуу билим" чыгармасы ыр жана кара сөз менен жазылган. Кириш сөзүндө Байыркы Чыгыш акындарынын чыгармаларына мүнөздүү болгон асман менен жерди, тоо менен түздү, суу менен деңизди, жылдыз менен күндү жана башкаларды даңазалаган салттуу мотив бар. Жусуп Баласагын айткан сөзү менен аткарган иши дал келгендерди жактырган жана алар тууралуу көп жазган. Анын ою боюнча адамдын нарктуулугунун бир белгиси сөзү менен ишинин төп келгендиги. Тантыкты, кадыры жок калпычыны акын нарксыз, адепсиз жандар деп баалайт.
“Жусуп Баласагын үй-бүлө куруу, балалуу болуу адам өмүрүндөгү эң чон бакыт деп эсептеген”Жусуп Баласагын үй-бүлө куруу, балалуу болуу адам өмүрүндөгү эң чон бакыт деп эсептеген. Балалуу болгон соң ата-эне өздөрү үлгүлүү жүрүш-турушта болуусу зарыл. Анткени "уядан эмне көрсө, учканда ошону алат" дегендей, атаны көрүп уул, энени көрүп кыз өсөт. Улуу ойчул үй-бүлө бекемдигин тумардай туткандыктан ата-энеден тарбия көргөн балдар бактылуу болорун, балдары акыл-эстүү болсун деген ата-эне аларга жаштайынан билим берүүсү зарыл экендигин чыгармасында баса белгилеген. Ал болгону 55 жаш курагында 1075-жылы дүйнөдөн кайткан. 2002-жылы философдун ысымы Кыргыз улуттук университетине ыйгарылган.
Фабула Пресс