Бир сутка ичинде 265 адамдан вирус аныкталды
- 17.04.2021, 12:49,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир суткада 265 адамдын вирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында- 148 учур катталды, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда - 80, Ошто - 4, Таласта - 4, Нарында - 6, Ысык-Көлдө - 12, Жалал-Абадда - 6, Баткенде - 2.
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 91 639 учуру катталды.