Кыргызстанда акыркы бир суткада 199 адамдан вирус аныкталды, эки адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында -138 учур катталды, Ош шаарында - 9, Чүй облусунда - 29, Ошто - 2, Таласта - 6, Нарында - 1, Ысык-Көлдө - 11, Жалал-Абадда - 3.
2020-жылдын март айынан бери республикада жергиликтүү жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 94 миң 30 учуру катталды.
Каза болгондордун бири Бишкек шаарында, бири Нарын облусунда катталган.
2020-жылдын март айынан бери республика боюнча коронавирустан 1584 адам каза болду.