У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аскерде кызмат өтөп жатып, кургак учук жуктуруп алган жоокерлердин саны 33кө жетти


Аскерде кызмат өтөп жатып, кургак учук жуктуруп алган жоокерлердин саны 33кө жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык кургак учукка каршы оорукананын башкы дарыгери Тамара Баялиева билдирди.

Анын айтымында, буга чейин дарыланып жаткан жоокерлердин төртөө ооруканадан чыгарылып, аскер госпиталында дарылануусун улантууда.
"Ооруканага буга чейин келип түшкөн жоокерлер дарылануусун улантууда. Жакында дагы 2 аскерди ооруканадан чыгаруу пландалып жатат. Кургак учукту дарылоо курсу 6 айдан 8 айга чейин", - деп билдирди ал.

Эске салсак, буга чейин январь айында Коргоо министрлигинин ыкчам кызматынын 7 жоокери кургак учук оорусун жуктурганы маалым болгон. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter