У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кургак учукка кабылган жоокерлердин ишин Аскер прокуратурасы иликтей баштады

Башкы прокуратура Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат кылган жоокерлердин кургак учук оорусун жугузуп алганын иликтеп баштады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы билдирди.

"16-мартта Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан аскер бөлүктөрүнүн биринде 12 жоокер кургак учук оорусу менен ооруп, Бишкек шаарынын Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жаткырылган фактысы боюнча Жазык кодексинин шалаакылык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды", — деп жазылат маалыматта.

Бул иштин алкагында тийиштүү соттук-комиссиондук экспертизалар дайындалып, Аскер прокуратурасы тарабынан ар тараптуу текшерүү иштери улантылып жатканы айтылды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter