Ноокенде кызмат өтөп жаткан аскер асынып алды
- 01.09.2020, 11:20,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
30-август күнү 2027-аскер бөлүгүнүн мөөнөтүү кызмат өтөп жаткан жоокери асынып, жан кыйды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Жалал-Абаддын Ноокен районунда 2027-аскер бөлүгүндө болгон. Чек арада кызмат өтөп жаткан аскер асынып алган.
Бул факты боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирүү иштерин баштады.