У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектеги №1 оорукананын башкы дарыгери кызматынан бошотулду

 Бишкек шаарындагы №1 клиникалык оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев кызматынан кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 5-августтагы брифингде билдирди.
 
Маалыматка ылайык, №1 ооруканадагы дооматтарды Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия териштирип, жыйынтыгында аталган оорукананын башкы дарыгерин иштен алуу чечимин чыгарган.   
 
Эске салсак, пандемия күчөп турган маалда ыктыярчылар тарабынан №1 ооруканага берилген коргоочу кийимдер медицина кызматкерлерине жетпегенин ошол коргоочу кийимдерди таратып берген ыктыярчылар айтып чыгышкан.  Ошондой эле №1 оорукананын дарыгери Дөөлөт Ибраимов «Фейсбуктагы» баракчасына видео кайрылуусун жарыялап, ооруканада жеке коргонуу каражаттары жетишпей жатканын, оорукананын жетекчиси Жусуп Бошкоев обсервация эрежелерин бузуп жатканын айтып чыккан. Ал эми Жусуп Бошкоев бул дооматтарды четке каккан. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter