Казакстанда коронавирустан 15 адам айыкты
- 28.03.2020, 18:50,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
“Бүгүн, 11 адам коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылды. Алар дагы эки жума үй карантининде болуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат”- деп Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрилиги жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.
Буга чейин Казакстанда алгачкы вирус аныкталган 4 адам илдеттен айыгып, үйүнө чыгарылганы айтылган эле.
Жалпысынан коӊшу өлкөдө вирустан айыккандардын саны 15 адамга жетти.