Өлкөдө 12 адам жаман илдеттен айыкты
- 08.04.2020, 11:34,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жүрөк жылытаар жаңылык! Желдей тарап бара жаткан жаман илдеттен Кыргызстанда дагы 12 адам айыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, өткөн суткада Ала-Бука райондук ооруканасында жаткан эки бейтап чыгарылган. Бүгүн, Жалал-Абад облустук ооруканадан дагы 10 кишини чыгаруу пландалып жатат.
Буга чейин 25 кишинин айыкканы белгилүү болчу. Бүгүн кечке чейин дагы 10 адам чыгарылса, жалпы саны 35ти түзөт.