Чек арадагы жаӊжалдан жабыркагандардын саны 183 адамга жетти
- 03.05.2021, 11:34,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чек арадагы жаӊжалдан жабыркагандардын саны 183 адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова брифингде билдирди.
Анын айтымында, 99 жабырлануучу ооруканаларда дарыланууда, алардын 56сы Бишкекте.
«Борбордо дарыланып жаткандардын ичинен бир адамдын абалы өтө оор, үчөө оор абалда», - деди ал.
Чек ара чырында ар кандай жараат алып медициналык жардамга 183 кыргызстандык кайрылды, 34 адам каза болду, анын ичинде жаш балдар да бар. 33 миңден ашуун адам эвакуацияланган. Тажик тарап бейрасмий түрдө 150дөн ашуун жаракат алып, 10го жакын адам каза болгонун кабарлаган.