У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенде жаракат алгандардын саны 31 адамга жетип, дагы бир адам каза болду


 Саат 20.00гө карата чек арадагы жаңжалдан кийин жардам сурап ооруканага кайрылгандардын саны 32 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
 
Алардын ичинен бир адам каза болуп, дагы биринин абалы оор. Бир адам амбулатордук негизде дарыланса, калгандары ооруканага жаткырылган.
 
«Самаркандек айылындагы ооруканада эки адам жатат. Алардын абалы канааттандырарлык. Дагы экөө Лейлек райондук ооруканасында дарыланууда. Алардын абалы орто оор деп бааланууда. Калган 26 адам денесинин ар кайсы жерлеринен алган жаракаттары менен Баткен аймактык ооруканасына жаткырылды», - деди Ализа Солтонбекова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter