Бүгүн, 1-майда чек ара чырынан дагы 2 адам каза болду
- 01.05.2021, 13:07,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
1-майга карата чек ара чырынан дагы 2 адам каза таап, бир адам жарадар болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри
Алымкадыр Бейшеналиев жеринен кабарлады. Айтымында, каза болгон жарандардын бирөө 1966-жылы төрөлгөн, экинчи жаран 1991-жылы туулган.
"
Чыр чыккан чек ара тилкесине Бишкек шаарынан келген эки "Тез жардам" унаасын азыр жөнөттүм. Каза болгон эки жаранга бүгүн болгон чырда ок тийген, алар ооруканага жетпей каза болгон", - деди министр.
Каза болгон жарандар Интернационал айылынын тургундары болушкан.