У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лейлек районундагы Интернационал айылынын башчысы барымтага алынганы айтылды

Тажик тарап Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди бүгүн эртең менен Баткен облусунун Лейлек районунан уурдап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар 24.kg маалымат агенттигине билдирди.
 
 Алардын айтымында, Интернационал айылынын тургундары кечээ кечинде үйлөрүн толугу менен таштап кетишкен.
 
«Белгилүү болгондой, эки үйдү тажиктер басып алып, бир-эки үй өрттөлгөн. Эки киши өлтүрүлдү. Бүгүн эртең менен айылдын башчысы каза болгондордун сөөктөрүн алып кетүү үчүн барган, ошол учурда аны туткунга алышып, Тажикстандын аймагына алып кирип кетишкен», - деп 24.kg маалымат агенттигине билдиришти жергиликтүү тургундар. 
 
Маалыматты Баткен ОИИБинен тастыкташкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter