У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Калыс Жакыпов: "Чоң атам согушта 7 жолу оор жарадар болгон. Кийин чагылгандан коркуп, үйдү караңгылап жатчу экен..."

Согуштун жүзү курусун! Дүйнөдө эч убакта согу болбосун! Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы кут болсун! Согушта кан кечип, жан аябай эрдик кылган аталарыбыз эскерүүнү улантабыз. Бул сапар ырчы, аткаруучу Калыс Жакыпов чоң атасы, согуштун ардагери Жакып Чекировду эскерет.


"Чоң атам Жакып Чекиров 1917-жылы Нарын областынын Ат-Башы районунун, Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Согушка чейин колхоздо эмгектенген,  1942 жылдын кыш айларында согушка аттанган. Ал жактан 316-аткычтар дивизиясында жөө аскерлердин катарында согушкан. 7 жолу оор жарадар болгон, акыркы жарадар болгондо он колундагы 3 манжасынан ажыраган. Колунан жарадар болоордо окопто үчөө жаткан экен, (командир взвода старший лейтенант, ортодо младший лейтенант, ооз жакта чоң атам сержант) бомба түшкөндө төр жакта отургандын бутун, атамдын 3 манжасын алып кетип, ортодогу младший лейтенанттын эч жери жабыркаган эмес экен.  Дагы бир жарадар болгондо немистерден бошогон үйгө кирип,  бурчтан башын көтөрө калганда ок кекиртекке тийген экен. Чон атамдын өзүнүн айтып берүүсү боюнча башка аткан окшойт. Операция болуп госпиталда жатканда дарыгерлер ажалың жок экен, кичине болгондо башыңа тиймек деп айтышыптыр. 

Ачка болушканда Белорусияда сарайларда өрттөнүп калган уйлардын эттеринин бышып калган жерлерин кесип жешчү экен. Белорусия саз жер болгондуктан кыштын күнү бут кийимдери суу болуп тоңуп калып, буттары сезбей калчу экен. Эки жолу бомба жарылганда топонун астында калган. Жоон санында бомбанын чачырандысы калып калган экен, тарамыштын жанында болгондуктан алынбай калган. Эгер аны алса, буту баспай калмак экен. Ошол бомбалардан коркуп калгандыктан, кийин деле чагылган болгондо коркуп үйгө кирип, эшик терезени карангылатып жатчу экен.  Чоң атам 1991-жылы  74 жашында каза болгон" дейт небереси.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter