Коронавирус менен ооруп жаткан 23 бейтап өтө оор абалда
- 07.04.2021, 12:39,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 1313 адам коронавируска каршы дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, 623 бейтап амбулатордук шартта (үйдө), ооруканаларда - 690 адам дарыланууда. Ооруканада жаткан 23 адам өтө оор абалда, 147 оор абалда экени айтылды. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн - 518 адамдын (же 75 пайызы) абалы орто оор деп бааланууда.