Министр: "Президент экөөбүз эле уктабай, 24 саат бою иштей алабыз"
- 22.04.2021, 12:49,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри
Алымкадыр Бейшеналиев мурдагы орун басары
Мадамин Каратаевди жаңы кызматка эмнеге дайындаганын түшүндүрдү.
Министр:
"Мендей болуп эч ким иштей албайт. Мен бир суткада уктабай 24 саат иштейм. Президент экөөбүз 24 саат иштеп жатабыз. Өлкөдө президент экөөбүз эле уктабайбыз. Жакшы иштегендер 16 же 20 саат иштейт. Ал эми премьер-министр 20 саат иштеп, 4 саат уктайт. Каратаев болсо 16-17 саат иштейт. Улуттук фтизиатрия борборуна ошончо саат иштеген жетиштүү", - дейт ал.