Бейшеналиев: «Мени кет десе кете берем, бирок кайсы депутат тааныштарын кызматка коюп бер дегенин айтам»
- 19.04.2021, 17:13,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына билдирген.
"Мени кет дешсе кете берем. Силер да кет десеңер кете берем. Жанар Акаев өзүнүн жардамчыларынын бирин "башкы дарыгер кылып кой" дегенде койбой койгом. Ал өч алайын деп жатат. Мен кайсы депутат өз кишилерин кызматка коюп бер деп суранганын айтам. Анан депутаттар менден көрөт. Бактыбек Райымкулов дагы өзүнүн тааныштарын кызматка коюп бер деп суранган. Калгандарын айтпай турайын, бир нерсе болсо айтам", - деди ал.
Эске салсак, Жогорку Кеӊештин депутаты Жанар Акаев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишеним көрсөтпөө сунушун берип, аны Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин мүчөлөрү колдошту.