Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Мадамин Каратаев жаӊы кызматка барды
- 22.04.2021, 12:17,
- Саясат / Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Саламаттыкты сактоо министринин мурунку орун басары Мадамин Каратаев Улуттук фтизиатрия борборун жетектейт. Бул тууралуу ал маалымат каражаттарына билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматка дайындоо буйругуна Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри кол койгон. Ал бүгүнтөн баштап кызматка киришкен.
Эске салсак, март айында Мадамин Каратаев саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулган. Министр Алымкадыр Бейшеналиев орун басарларын кызматтан алуусунун себебин ал иштеп жатканда орун басарлары эс алып жаткандыгы менен түшүндүргөн.